Мирлан Орозбаев: “Оштун төрт вице-мэри “пресс-хатадагы” ролду аткарып калышты”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Мирлан мырза, Бакыт Жетигенов Ош шаарына мэр болуп барды, ага карата кандай кеңештерди айтат элең?

— Бакыт мырза Ош шаарынын мэри болуп жакында эле шайланды. Бу жигит колунан келишинче бүт баарын тазаласын, нөлдөн баштасын. Ал жерде көпчүлүгү мурунку мэрдин айтканын кылган “спецсотрудниктер” болчу. Бир түндүн ичинде баардык иш-кагаздарды подделка кылып, соттон утуп, баарын тартып ала турган адамдар. Булар уюшкан мафия болуп алышты. Эгер булар жакшы болгондо мурунку мэрди көкөлөтүп, вице-премьер-министр кызматына узатышмак эле. Ал адамды “жарга түртүп” жиберишти. Демек, төрт вице-мэр “пресс-хатадагы” адам “сындырып” бергендей эле Ошко жөнөтсө, кимиси болбосун жараксыз кылышарын түшүнүп калдым. Эмнеге булар кызматынан кетишпейт? Буга чейин үч-төрт мэр менен иштешип калышкан. Шайлоолордо канчалаган сатып алуулар менен кармалышып, иш козголсо да суудан кургак чыгышып, дале иштеп атышат. Демек, бул жерде кандайдыр бир мандем бар!

— Оштун төрт вице-мэрине өзгөчө токтололу. Алар кимдер? Ишмердигине, кыймыл аракеттерине кандай баа бересиң? 

— “Пресс-хата” деген сөз бар. Түрмөдө “сынбаган” же керек эмес адамдарды оор жайга тыгып коёт. А жерде атайын ошол түрмөнүн администрациясынын саясатына ылайыктуу адамдар отурат. Уруп, тепкилеп, сөзгө “сындырып”, кыскасы, ошол жерден кыйындарды талкалашат. Ойногон ролдору ушундай. Ошондой эле Ошко мэр кылып жөнөтүлгөндөргө төрт вице-мэр ошондой иш кылып берип атат окшойт.

— Эмнеге антип ойлойсуң?

— Себеби, ар бирине иш козголгон, болгондо да үч-төрт жолудан кем эмес. Алсак, мурдагы мэр Алмаз Мамбетов премьер-министрлик кызматты аркалай турган жигит эле. Бул жөнүндө кайсы бир учурларда түшүнүк пайда боло баштаган. Аны бу жакка жөнөттү, анан эмне болду? “Вазир жакшы, хан жакшы” дегендей, ошол вазирлердин айынан Алмаз Мамбетовду эч кандай премьер-министр эмес, “тротуарщик” атка кондуруп, айдап отко салышты. Азыркы мэр деле “пресс-хатада” отуруп, а “сындырып” бере тургандар өз “иштерин” кылышат сыяктуу.

Сурат Жылкычиев 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg