Министрликте иштей албай кеткен Алтынбек Максүтовдун кайра келиши таңгалдырды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Очорулуп оңбой калган маданият тармагына жоктон тапкансып Алтынбек Максүтовду алып келишти. Актёрдук билим алганы менен же бир сахна жылдызы, же экран күзгүсү болуп аткарган алгылыктуу ролу жок, «режиссёр» деп айтайын десең, театрды дүңгүрөтүп койгон спектаклин көрбөйбүз. Жалаң эле майрам уюштуруп, ошондон мантыккан бул эргул 2016-жылы сөгүш алып, иштей албай министрлик кызматтан кеткен. 2014-жылы Бексултан Жакиев баш болгон маданият кызматкерлери Алтынбек Максүтовдун министр болуп дайындалышына каршы чыгышкан. Эми ошол тердеп-кургаганды… Актёр, же режиссер эмес арабөк кишини маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине алып келишти. Албетте, анын артында саясатта жыдып калганына карабай, «жыгылган күрөшкө тойбойт» болуп чуркап жүргөн өкүл атасы Каныбек Иманалиев деген көзү ачыктарды колдоп, ошолордун этегине намаз окуп жүргөн жайсаңчы чечен бар. Алтынбек Максүтовду биринчи жолу министр кылып, анын колу менен өзүнүн коммерциялык иштерин бүтүрүп, азыр урап жаткан «Эркин-Тоо» басмасын менчикке чыгарып алган да ушул Аскар Акаевдин «куйругу» Каке эмес беле? Кыязы «көлдүктөр, балаңарды алып кетпейсиңерби» деп кыр көрсөтүп жүргөн Каныбек Иманалиев саясатты калчап, бийликке жол таба баштаган жокпу? «Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg