Министрдин орун басары жаңы жыл түнү үй-бүлөсүнөн айрылды

Министрдин орун басары жаңы жыл түнү үй-бүлөсүнөн айрылды

04-үчтүн айы, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева
Өзбекстандын айыл чарба министринин орун басары Вохиджон Ахмаджоновдун башкаруусундагы «Chevrolet Gentra» үлгүсүндөгү автоунаа ашууда жол кырсыкка кабылды. Окуя жаңы жыл түнү Камчик ашуусунда болгон. Жол кырсыктан кийин айдоочунун — министрдин орун басарынын 34 жаштагы жубайы жана 3 жаштагы кызы көз жумду. Өзү ооруканага жеткирилген. Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар боюнча, жубайлар майрамга карата Ферганадагы ата-энесинин үйүнө бара жатышкан. Наманган облустук ички иштер башкармалыгынын расмий маалыматы боюнча, кырсык Ташкент-Ош жолунун 258- чакырымында болгон. Аталган унаанын арткы оң тарабы «Gentra» унаасына урунган. Экинчи унаа 1996-жылы туулган жигиттин башкаруусунда болчу. Транспорт каражатын пайдалануу эрежесин бузуп, адам өлүмүнө алып келген деген айып менен кылмыш иш козголду.