Министр Жаныбеков менен орун басары Шерипов элдин убалына калгандан коркушпайбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Өткөн жылы жайында Чүйдүн талааларына суу жетпей түшүм күйүп жатканда айыл, суу чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов кесиби мугалим болгондуктан, суу маселесин деле түшүнбөй, дыйкандар менен деле иши болгон эмес, жыйынтыгында аяш ата министри Аскарбек Жаныбеков экөө бирдей сөгүш алышкан. 

Эми быйылкы жылга деле даярдык жакшы эмес экени айтылууда. Азык-түлүк коопсуздугун ойлогон эч ким жок, күндөлүк керектелүүчү шекер, өсүмдүк майы сыяктуу азыктар кымбаттап жатат, а Жаныбеков болсо, анын алдын алгандын ордуна, шоу жылдызынан бетер өзүн пиар кылып, эки күндүн биринде экрандан түшпөйт.

Скрябин атындагы агрардык университеттин доценти Абдыбек Асаналиев “Агрочарба” программасынан суу чарбасында мелиорациядан түшүнүгү жок дилетант кишилер отургандыктан, суу чоң көйгөйгө айланып жатканын айтты.  Өлкөнүн суу чарбасынын башында мелиорациядан түшүнүгү жок юрист отурса, суу чарбасы кайдан оңолот? Бул тармак коррупциялашып, миллиондор кайда айланып атканына тийешелүү органдар кызыгып көрбөйбү?

Сыягы, министрликтеги бири-биринен ашкан “шылуундар” Жаныбеков менен Шерипов дагы элдин убалына калышабы? Али коркунучтар алдыда…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg