Министр Уланбек Мамбетакунов өз кабинетине кире албай, оңураңдаган оперлерден жалтанууда

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жаңы дайындалган төрт министрдин үчөө кабинеттерине отуруп ишин баштады.

Бир гана билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов министрдин орун басарынын кабинетинде келген кишилерди кабыл алып, жыйындарды өткөрүп, мурдагы министрдин орун басары кызматында иштеп жаткандай эле сылык-сыпаа калыбынан жазбай, маданияттуулуктун үлгүсүн көрсөтүп, билим берүү саясатын жүргүзүп, иштеп жатат.

Эмнеге дебейсизби? Себеби, “бөрк ал десе баш алып”, оңураңдаган орой оперлерге ооз ача албай, кабинети жабык турат. “Жинди улак” көздөнгөн зөөкүрлөр мурдагы министр А.Бейшеналиевдин кабинетине тинтүү жүргүзгөндөн кийин ачып бериши керек эле.

Алар ошол кабинеттен бир шумдук кылмыштын бетин ачышкансып, министрдин кабинетине беш катар кулпу салып кетишиптир. Агартуучуларды көзгө илишпей, дегеле мугалим аттууну бучкагына теңебей көпкөн тергөөчүлөр билим берүү саясатына залака келтиришип, бүтүндөй бир системанын ишине тоскоол болуп жатканын түшүнүшпөйбү?

Айтор, өздөрүнүн дөгүрсүгөн жүрүш-туруштары менен кой оозунан чөп албаган мугалимдерди чочутуп жатышыптыр. Сыягы, чаласабат милициялар билим берүү министринин деле ички иштер министриндей макамы бар экенине акылдары жетпей жатат окшойт.

Булак: Азия News гезити

Аргумент.kg