Министр Улан Ниязбековдун буйругун Бишкек ШИИБнин кызматкерлери аткарышпайбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Баткендеги согуштан кийин республика аймагы боюнча милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөн. Министр Улан Ниязбеков атайын буйрук чыгарган. Мындай шартта өздүк курам той-тамашаны токтотуп, күнү-түнү иштөөгө милдеттүү. Азыр убакыт ушундай. Тилекке каршы, Бишкек ШИИБнин полковниги Асан Токтомамбетов 18-сентябрь күнү саат 15:00дө “Ала-Тоо” ресторанында сүннөт тоюн баштаган. Анда “кызыл шапкечендер” топурашып, тост көтөрүшүп, чартаңбай тээп жүрүштү. Улан Султанов, Улан Айтбаев ж.б. жетекчилер көңүл ачышып… (Бул боюнча бизге тойго катышкан жарандык активист билдирди). Таңгаласың, Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Ногойбаев каякты карап отурат? Дээрлик башкара албай калганы айтылууда. Түшүнүксүз. Же булар министрдин буйругун тоготушпайбы? Мыйзамдуу алкакта баа берүү керек да. Ырааттуулук зарыл эмеспи.

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg