Министр Максутовдун чабалдыгы. “Байчечекей” журналы жабылуу алдында турат

Министр Максутовдун чабалдыгы. “Байчечекей” журналы жабылуу алдында турат

25-чын куран, 2023-ж // Саясат // Айпери Осмоналиева

Кейиштүү кепке ортоктош бололу. “Байчечекей” балдар журналы 50 жылга жакын убакыттан бери келечек муундарды тарбиялап келатат. Эми ошол журнал жабылуу коркунучунда турат. “Учкун” концерни балдар журналынын редакциясынын кеңсесинен чыгарып, “кайда барсаңар анда баргыла” деп айдап салыптыр. Маданият, маалымат, жаштар саясаты жана спорт министри Алтынбек Максутов бул маселени чече албай ийинин куушуруп, “билбейм” деп отуруп берген. Анткени “Учкун” концерни мамлекеттик болгону менен колунан кокон тыйын келбеген, маселе чече албаган министрди тоготпойт экен. Бул көйгөйдү вице-премьер-министр Эдил Байсалов колго албаса, балдар журналы жабылып, ыкшоо министр менен маданият тармагы алыска баралбайт окшойт.

«Азия Ньюс» гезити