Министр: Кыргызстанда вакцина алган адам каза боло элек

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинадан бир дагы адам каза болгон жок. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, өлкө аймагында эмдөөдөн жалпы 1,5 млн адам өттү.

“Ар бири 7 күн аралыгында байкоодо болот. Министр катары коронавируска каршы вакцина алагандардын арасына каза болуу фактысы катталган жоктугун билдирем. Токтогулдагы вакцинадан каза болду делген аял боюнча териштирүү болгон. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында ал аял вакцина алып жаткан учурда пневмония менен ооруганы аныкталган. Вакцинага чейин эле анын өпкөсүнө суу толуп калган”, — дейт ал.

Аргумент.kg