Министр Кыргызстанда электр жарыгы эмнеге өчүп калганын айтты

Министр Кыргызстанда электр жарыгы эмнеге өчүп калганын айтты

25-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева
Коңшу өлкөдөгү авариядан улам Кыргызстанда электр жарыгы өчтү. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.
«Кыргызстандын энергосистемасы калыбына келтирилип жатат. Бул бир сааттан ашык убакытты талап кылат», — деди министр.
Белгилей кетсек, буга чейин Борбор Азия бириккен электристемасында авария болгону айтылган. Анын кесепетинен Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстанда электр жарыгы өчкөн.