Министр Динара Кутманованын отставкасы жакындап калгандай…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кээде акылга сыйбаган көрүнүштөргө туш болосуң эй! Динара Кутманова жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине дайындалгандан кийин коллегаларынын оозун ачырган. 6,5 миллиард доллар аба тазалоо үчүн алып келе турганын айтып, бул боюнча баарын ишендирүүгө далалат жасаган эле. Чоң долбоор менен алектенип атканын билдирип. Ошондо кыраакы чиновниктер мыйыгынан жылмайышканы эсибизде. Аныгында, оозун ушунча көптүрүптүр, тилекке каршы, 6,5 миллион доллар да таба албады. Жумушун баштаганда эле жел сөздөр менен баш айлантып, аягында туңгуюкка кептелип калды. Учурда Динара Кутмановага өкмөттөгүлөр, жадагалса орун басарлары да нааразычылык жаратып атышканы кабарланды. Тийешелүү жыйындарга барбай койгону, кыялын көрсөткөнү, министрлик милдетин аткара албаганы сын-пикирлерди жаратып жатыптыр. Башкы вазир Акылбек Жапаровдун да ичи чыкпай, Динара Кутманованы кызматтан алуу маселесин күн тартибине койгону калганы каңкууланды. Сыягы, бул айым менен кошо үч-төрт министр жазга жетпей ээлеген орундарынан кыйшайса керек.

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg