Министр Бейшеналиевге аксынган Карыпбековдун артын карасаң “кускуң” келет

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Курманбек Бакиевдин режиминде президенттин администрациясында “жүгүрүк” катары иштеген, кийин Алмазбек Атамбаевдин доорунда кошомат кылып жүрүп, КТРКнын гендиректорлугуна жетип, “пахтакор” сымал таанылган Илим Карыпбеков деген бирөө бар. Маал-маалы менен блогер катары чыга калып, элге күйүмүш эте сүйлөгөндү өнөр көрүп алган. “Сууну сиңген жерге куй” дейт. Буга сиңбейт деле. Тек гана анткорлонуп, өзүн акылдуу, билимдүү көрсөткүсү келет. Бирок жаңылышат. 

Бу саам саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге асылып, “аконит” деп какшап, өзүн тимеле укук коргоочу, мыйзамчы катары көргөзгөнгө жандалбастаптыр. Алмазбек Исманкулов мыйзамсыз иштеген клиникасын бошотпой жатса, ойт бере качып жүрсө, анан чара колдонуш керек да. Мына ошого Карыпбеков “больницанын астына кум төгүп салыптыр” деп бакылдайт. Бул арга кеткендеги иш го. Чиновник-врач акчасына чиренип, бийликти тоготпой келиптир. Мамлекеттик мекемени ээлеп алып, кардарларды асмандаган баалар менен тейлейт. Көзү көрбөгөндөрдүн канын соруп бүттү эле го? Акыры тартип керек да. Ооба, катаал таризинде!

Ал эми Илим калп эле гуманист, мыйзамды жактоочу болбосун, Бакиевдин учурунда ондогон саясатчылар, бизнесмендер, жөнөкөй жарандар бейкүнөө таризинде атылып атканда, бир жерин кысып, кандуу бийликке кызмат кылып жүрбөдү беле? Максимди, Оксананы “жалап” жүргөнү калппы? Анда неге кызыл тилин шакылдатпады? Кийин Атамбаев ашкере камоолорду баштаганда КТРКны жетектеп, каралоо кампаниясын жүргүзүп атканычы? Фарид менен Икрам “аймалап” калганын билесиңерби? Эми ушундай адам коомду жектеп,  “караңгысыңар, эртең үйүңөргө маскачандар келип, кор кылат” деп, бул бийликти болушунча каралоого алыптыр. Айтор, сүйлөсө жараша береби?

Ток этерине келсек, Илим Карыпбеков өзүнүн күмөндүү баскан изин, КТРКдагы миллиондорго шектелген коррупциялык шек-шыбаасын унутуп койдубу? Кылмыштуу изин кантип жаап алганы унутула элек. УКМК, башкы прокуратура эстебей калса, архивди көтөргүлө да. Артын көрсөң “кускуң” гана келет. Же эркелей берсинби?..

А баса, Карыпбеков кайра Бейшеналиевден кечирим сураган видеосун чыгарыптыр, бирок ал жерден да шакабалап, ирония чалымыш этип, өзүнүн туруксуздугун көрсөткөнү таңгалдырды…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg