Министр Бейшеналиев: Медиктерге үй курулуп баштады

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Кактус Медиага» медициналык кызматкерлер үчүн үй курулуп баштаганын билдирди.

«Бүгүн биздин чоң жетишкендик — медиктер үчүн эки үйдүн курулушун баштадык», — деди ал.

Тогуз жана 12 кабаттуу үйлөр Бишкектин Байтик Баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилинде жайгашат. Биринде, министрдин айтымында, батирлер акысыз, башкасында ипотекага берилет. Курулуш ишин 2023-жылдын 1-январына чейинк бүтүрүү пландалууда.

Бейшеналиевдин айтымында, турак жайга муктаж медиктерди комиссия тандайт.

«Кандай критерий менен тандаларын дагы жазабыз. Ким турак жайга муктаж болсо, ошолорго беребиз деп ойлоп жатам. Ошонда гана алар [Кыргызстандан] кетишпейт. Маянаны миң долларга көтөрөбүз, анан кеткендер да кайтып келишет», — деди министр.

Буга чейин үйлөр УКМКнын жана ЖАМКтын кызматкерлери, ошондой эле чек арачылар үчүн курулуп келген. Бирок мугалимдер менен медиктер, мамлекеттик кызматкер экенине карабастан турак жай алышкан эмес.

Мугалимдер, врачтар жана социалдык тармактын кызматкерлери мамлекеттен жеңилдетилген ипотека түрүндө жардам алышат, бирок маянанын аздыгынан улам бул жардамды колдонууга мүмкүн эмес эле.

2021-жылдын 25-майында «Менин үйүм 2021-2026» жаңы ипотекалык программасы коомчулукка жарыяланган. Анда мамипотекалык ченди 6-8%дан 4%га төмөндөтүү каралган. Ал эми 2021-жылдын декабрында Соцфонд ишкерлерге жана жарандарга төмөн пайыз менен насыя бере турган социалдык банк ачууну пландап жатканын кабарлаган.

Аргумент.kg