«Миллион сом насыя менен алган келинибиз кафеде бир жигит менен тамеки тартып…»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Балам студент, 2-курста окуйт. Эр жетип калды, эми үйлөнтүп коелу деп, жетине албай кыздан кыз тандадык. Бирөөсү жакса, бирөөсү жакпай, же ата-энеси көңүлгө толбой абдан сындан өткөрдүк. Акыры бай, бардар жердин кызына куда түшүп, сөйкө салып алып бердик. Келин алаарда дүкөнүмдү, үйүмдү күрөөгө коюп, миллион сом насыя алдым. Кудагыйыма алтын сөйкө, шакек, мончогу менен сатып алып, кызына баштан аяк алтын жасалга алып, дасторконду төгүп, дүңгүрөтүп чоң той өткөрдүк, алдына түшүп, элдин алды болуп калың алып бардык. Келин да, балам да студент болгондуктан экөөнү шаардагы үйгө бөлүп койдук. Балдар эч нерседен кем болбосун деп колдон келишинче шарт түзүп бердик.
Баламды жакшы тарбиялаганбыз,  арак, пиво ичпейт, чылым чекпейт, токтоо, бир мүнөз уулум бар. Арадан көп өтпөй, тагыраагы эки базардан кийин балам телефон чалды, “Апа, Айзат кетип калды, каякта экенин билбей издеп атам” деп. Кокуй эмне болду деп, шаарга жөнөдүм. Көрсө иш мындай болуптур. Бир күнү балам сабактан келсе келин үйдө жок, кечке күтөт, кечинде да жок. Телефонуна чалса албайт. Достору, тааныштарына чалат. Ошолордун ичинен бир досу айтыптыр, “Жүр сага аялыңдын каякта экенин көрсөтөм” деп. Ал экөө барса келинибиз кафеде бир жигиттин алдында тамеки тартып олтурат дейт. Тамекинин түтүнүн көккө үйлөп, колуна пиво кармаган аялынын кебетесин көрүп, балам ачууланып, “Эй сен биякта эмне жүрөсүң, бас кеттик үйгө” десе, тиги жигити баламды кекетип, ура-токмокко алыптыр. “Бул менин девушкам болчу. Сен муну мен телефон чалганда жөнөтүп тур” дейт. Балам менен ал жигит мушташып кетет. Досу эптеп арачалап, баламды таксиге салып үйгө жеткирет.
Балам ызаланып, диванда жатса, келин келип “Эмне жатасың коркутуп. Мына ушундай болот. Чыдасаң жашайсың, чыдабасаң жок” дептир. Экөө урушуп, ортодо чатак чыгат. Анан келин кийим-кечегин алып кеткен бойдон дайыны жок. Ошентип байлыгыбызды чачып, агылып-төгүлүп алган келинибиз бир айга жетпей кетти да калды. Кудагыйга айтсам, кызына сөз тийгизбейт. Баламды урушсам, достору, аяштары келип, “Эже урушпаңыз, кеп Мирланда эмес. Айзат баарына күнөөлүү, басып туруп пиво ичет, чеккени чылым, көп басып калган кыз экен”, дешти. Эмне кылаарымды билбей калдым. Баламдын да шагы сынды.
Интернет булактарынан алынды

Аргумент.kg