Милициянын подполковниги курал менен өзүн башына атып алган. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.
Алардын айтымында, кечээ, 21-октябрда түштөн кийин Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы милициянын подполковниги башчысы өз үйүндө канга боёлгон абалда табылган.
Милиция кызматкери мас абалында аңчылык мылтыгы менен өзүн башына атканы аныкталган. Учурда ал оор абалда ооруканада жатат.
Булак: Kaktus.media