Милицияда иштеген күйөөсү аялын 10 жылдан бери сабап келген

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен Жаркынай Нурай Каракол шаардык ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган.

Маалыматка ылайык, аял 10 жылдан бери күйөөсү тарабынан такай сабалып келгени айтылат.

Алдын ала маалым болгондой, жабырлануучунун күйөөсү Түп райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери.

«Арыз августтун аягында келип түшкөн. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бирок жабырлануучу андан өтө элек. Анын маалыматы болбосо, иш козголбойт», — деп айтылат маалыматта.

ШИИБ тергөөчү аялдан экспертизаны тездетүүнү суранып, антпесе тергөө токтотуларын кошумчалады.

Аргумент.kg