Милиционер машинеси менен сүзүп кеткен үч адамдын бири каза тапты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кара-Балта шаарында милиция кызматкери машинеси менен үч адамды сүзүп кетип, алардын бири ошол жерден мүрт кетип, экөө ооруканага жеткирилди. Бул маалыматты “Азаттыкка” Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы тастыктады.
Баштапкы маалыматка караганда, машине айдап бараткан 27 жаштагы милиционер мас абалында болгон. Анын «Mercedes-Benz» автоунаасы «Nissan Cefiro» менен сүзүшүп, жанында турган адамдарга барып тийген.
Айыбын мойнуна алган милиционер Жайыл райондук ички иштер башкармалыгынын күзөт бөлүмүнүн кызматкери экени аныкталды.
Кылмыш иши козголду. Шектүү бир айга тергөө абагына камалды.

Аргумент.kg