Милиция кызматкерин сүзүп кеткен айдоочу кармалды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкек шаарында  Патрулдук милиция кызматынын кызматкерин сүзүп ккачкан айдоочу кармалды. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.

Маалыматта,  «Коопсуз шаар» долбоорунун камералары аркылуу «Тойота Витц» үлгүсүндөгү унаанын 30 жаштагы айдоочусу аныкталып, жол кырсыгына шектелип кармалган. Ал кошумча тергөө иштерин жүргүзүү үчүн борбор калаанын ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Учурда кылмыш иши козголду. Буга чейин бир күн мурун патрулдук милиция кызматкерин унаа коюп, из жашырып качып кеткен болучу.

Аргумент.kg