Милиция балдар үйүн да көз жаздымдан калтырган жок

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Нарын ОИИБнин начальниги Алмазбек Жумабеков иш-сапары менен Жумгал районунда болду.Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта, 2022-жылдын 16-март күнү Нарын ОИИБнин начальниги Алмазбек Жумабеков Нарын облусунун прокурору Эркингүл Урдалетова менен биргеликте Жумгал районуна барып бир нече иш-чараларды уюштуруп жеринде эл менен жолугушууларды өткөрүп келишти.
Нарын ОИИБнин башчысы алгач Жумгал РИИБнүн өздүк курамы менен жолугушуп, кызматкерлердин күнүмдүк иш-пландары менен таанышып, алардын күжүрмөн даярдыгы жана ИИМ тарабынан коюлган талаптардын аткарылышы боюнча кеңири маалымат алды.
Андан соң Нарын облсунун прокурору менен Чаек айылындагы “Нур-Булак” балдар үйүнө барышып, ал жакта тарбияланып жаткан балдардан кабар алып, алар менен баарлашып, өздүк курамдын атынан даярдалган белектер тапшырылып, “Келечек ээлерине ден соолук, окууларына ийгилик жана көптөгөн ийгиликтердин ээси болуусун каалап өттү”-А.Жумабеков.
Мындан тышкары Жумгал районудук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында айыл өкмөттөр, айылдык кеңештин төрагалары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусу менен жыйын өткөрүлүп, анда учурдун талабына ылайык аткарылып жаткан иштер тууралуу маалыматтар айтылып, коррупциялык иштерге бөгөт коюу жана мамлекеттик кызматкерлердин декларациясы боюнча тийиштүү орган тарабынан кеңири түшүндүрмө берилип өттү.
Иш-чара Байзак айылындагы А.Молдокеев атындагы орто мектебинде улантылып, мектеп окуучулары менен жолугушуп, жаш өспүрүмдөр арасында болуп жаткан кылмыштуулукка токтолуп, ар кандай укук бузууларды болтурбоо балдар арасында зордук-зомбулуктун жалпы эле кылмыш кырсыктардын алдын алууда аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат айтылып, мектеп окуучуларына Нарын ОИИБи тарабынан даярдалган атайын видео тасма көргөзүлүп, өспүрүмдөр менен ачык айкын баарлашуу жүргүзүлүп, алардын ар тараптуу кызыккан суроолоруна жооптору берилип,иш-чара жогорку денгээлде өткөрүлдү.
Ушул эле мектепте жакынкы айыл тургундары, айыл аксакалдары жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу уюштурулуп, анда калың эл арасында болуп жаткан көйгөйлүү маселелер талкууга алынып, район аймагында катталып жаткан кылмыштар анын ичинен мал уурулук фактыларына токтолуп, ачылып жаткан кылмыштар боюнча да айтылып, чогулган эл милициянын ишине баа берип, ар тараптуу колдоо көрсөтүп жапа тырмак биргеликте иш алуу жагын сунуш кылышты. Ошондой эле Президенттин жарлыгы тууралуу ысырапкерчиликке жол бербөө максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, айыл эли өз сунуш пикирлерин билдирип,ысырап болбошу үчүн атайын чектөө болушу керек экендигин баса белгилеп, иш-чараны уюштурган жерине келип элдин мүдөөсүн уккан күч органдарына өз учурунда ыраазычылык сөздөрүн айтышып, коомчулук менен тыгыз иш алып жаткан жектекчиликтин иштерине ийгилик каалап өтүштү.
Иш-чаранын соңунда А.Жумабеков Нарын облустук медиа борборунун жетекчиси Каныкей Жунусова менен биргеликте Чаек айылындагы 10 балалуу үй бүлө менен жеринен жолугуп алардын жашоо шарты менен таанышып, балдарга туура тарбия берип өз нугунда чоңойтуп жаткан балдардын ата-энесине бакубат турмуш каалап өттү.

Аргумент.kg