Милиция ала качып өлтүрүлгөн кызды уурдоого шектүүлөрдүн бирин кармады

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкектин криминалдык милициясынын кызматкерлери борбор калаада кызды уурдоого шек саналгандардын бирин кармады. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 29 жаштагы (Р.А.) шектүү колго түшүрүлүп, шаардык милициянын убактылуу кармоочуна жайына киргизилди.
Ошондой эле милициянын ыкчам кызматкерлери кызды уурдоого катышкан дагы эки адам тууралуу маалыматтарды аныктады. Ушул тапта алардын жүргөн жерин аныктоо, кармоо иштери жүрүп жатат.
5-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы кыздын сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.
Шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, аны уурдаган деп шек саналган 31 жаштагы киши кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө да бычак сайып каза болгон.

Аргумент.kg