Михаил Боярский сахна менен биротоло коштошорун билдирди

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Орусиянын эл артисти Михаил Боярскийдин сахнадан биротоло кол үзөрү белгилүү болду. Бул тууралуу НТВ каналынын “Ты не поверишь” көрсөтүүсүндө ал өзү айтты.

“Тажадым! Мен болушунча карыдым жана баягыдай алдуу-күчтүү эмесмин. Өзүмдү жаш келесоо сымал, койкоңдогон короздой көргөзгүм келбейт”, дейт ал.

Боярскийдин айтымында, ардактуу эс алуусунда ал көпчүлүк убактысын неберелерине бөлгөнгө аракет кылат.

Эске сала кетсек, 26-декабрда Боярский 70 жашка толот. Бирок актер өзүнүн туулган күнүн жактыра бербейт. Бул датанынын тезирээк өтүп кетишин кааларын айткан белгилүү артист, “кыжырды гана келтирет…” деп туулган числосу тууралуу кошумчалаган жайы дагы бар.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg