Мэр Абдыкадыров гезит саткан күркөлөрдү койдура албаса, үмүттүн өчкөнү да…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров 1400дөн ашык шаар ичиндеги объектилерди буздурганын, тазалоо иштери жүрүп жатканын билдирген. Аракеттери канчалык деңгээлде мыйзамдуу экени кийин тастыкталса керек. Чекесинен талкалаганы уланууда, а кайра заманбап имараттар, көрктөндүрүүчү жайлар архитектуралык талаптардын негизинде, жогорку деңгээлдеги дизайн менен жасалабы? Бул жагы күмөн жаратууда. Башкасын айтпасак да, Бишкек шаарына көрк бердире турган саясый, маданий-эстетикалык гезит саткан күркөлөрдү жетиштүү койдура албай, убаданын убарасында гана келатат. Дагы канча убакыт керек? Эң жөнөкөй, арзан баада коюла турган күркөлөрдү орнотуп бербесе, анда орто-чоң имараттарды кантип тургузат? Мэриянын карамагына алынган, орду бошогон жерлерге кимдер ээлик кылат? Кандай жолдор менен берилет? Кол ийрисине тартып, коррупциялык элементтер ойноп кетпейби? Убакыт көрсөтөт, аз калды.

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg