Менин да уят видеом чыгып кетпейби деп санааркай берем

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Эки күндөн бери уят видеого түшүп калган кызды талкууга алып жаткандарды көрүп өзүмдүн бир кездеги кылыгым  чыгып калат турбайбы деп санааркап  баштадым. Мындан беш жыл мурун көп турмуштун айынан өзүмдү сатып иштөөгө мажбур болдум. Анткени болбогон жерден күйүп чоң суммага карыз болуп калгам. Аны төлөмөйүн  кетирбей турганын айтышып мени барымтага алышкан. Аргасыз алар алып келген эркектерди кабыл алчу муну.  Ошондой күндөрдүн биринде мага жакшы сунуш түштү. Мен белгилүү бир адам менен болсом мени барымтадан чыгарып кете турганын айтып калды. Ошентип мен алар айткан жерге барып ал адам менен тааныштым. Чогуу отуруп ал адам бир топ кызуу болуп калганда менин үйүм деп алар айткан даректеги үйгө алып келдим.  Ал адам менен жакын мамиледе болдук. Эртеси ал адам кеткенден кийин үч эркек келип аркайсы жерден кичинекей камераларды  алышты. Чынын айтсам мен ушундай оңой менен көзгө көрүнбөгөн камераларды биринчи жолу көрдүм.  Мага болсо миң сомдук тан бешти  таштап, экинчи эч кимдин көзүнө илинбешимди айтышты. Ошол батирдин мен биринчи жолу жеңилдеп жашоомду жаңы нукка буруп чыктым. Каралап  карызга жыккан адамдан  биротоло кутулдум. Убакыттын өтүшү менен үй бүлөлүү болдум. Жашоом жакшы, бирок кечеги Фейсбуктагы видеодон кийин менин да видео чыгып калып эки балам жетим калабы деген күмөн ой башыман кетпей жатат. Азыр ал адамдын да ташы жогору кулап турган чагы. Күйөөм мени кечирбейт кайрадан тескери жолго кетким келбейт.

Аргумент.kg