Менин бул кылганым айрым чүнчүгөн келиндерге сабак болсун

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Айылда чоңойуп өскөн кызмын. 11-класты бүткөндө эле турмушка чыктым. Кайын журтумдун баары бой көтөргөн, жашоосу менин ата-энемден жакшы жашаган үй-бүлө экен.   Үйдө баардык шарты да бар, бирок мени басынтышкандай сезиле берет эле. Же өз ата-энеме айта албайм. Алардын теңине албаганы ызалантып, түнү менен уктабай чыккан түндөрүм да көп болду.   Ошентип жүрүп көз жардым. Төрөгөндөн кийин да семирип кеттим. Жолдошум да такыр башка болуп өзгөрдү, мага көңүл бурбайт. Кайын сиңдим, кайнеже, кайненемдер “сенден уялабыз, сен бизге татыктуу эмессиң. Семизсиң, же кийим жарашпайт” деп оротого алышты . Бул  сөздөрү чучугума жетип, калууну ойлодум. Бирок бир чечимге келдим, “сөзсүз баарын жеңем” дедим. “Кантип арыктайм?” деп аябай изденип, сураштырып, тааныштардын кеңеши менен бир марафонго катыштым. Өзүмдү катуу көзөмөлдөп жүрүп 27 кг арыктадым. Өзүмө ыңгайлуу онлайн жумуш таап, акча да таба баштадым.

Эч кимдин көзүн карабай, ар бир күнүмдү, саатымды мотивация менен туура пайдаланууга өттүм.  Азыр   баягы кайнеже, кайын сиңдимдер менден кеңеш сурашат. Күйөөм көзүмдү карайт. Мындан улам адамдын тагдыры, бакыты өз колунда экенин түшүндүм. Бул кеңешим айрым мен сыяктуу чүнчүгөн келиндерге сабак болор.

 

Нурия  «Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg