“МЕНИН БАРКЫМДЫ ДАГЫ БИЛЕСИҢЕР…” БАБАНОВ НААРАЗЫБЫ?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

2017-жылы президенттик шайлоодо Өмүрбек Бабанов 600 миңдей добуш алып, бирок утулуу ызасын тарткан. Кийин Кыргызстандан кетүүгө аргасыз болду, кайра келди. Кылмыш иштери катар-катар козголду. Саясаттан да убактылуу чегинди. Бирок, Бабанов өлкөбүздөгү саясый кырдаалдарга өзүнчө баа берип, көйгөйлүү көрүнүштөргө кайдыгер эмес. Ал Кыргызстандын өнүгүшүн башкача элестетерин, эртеби-кечпи эл үчүн кызмат кыларын бөркүндөй көрөт. “Менин баркымды дагы билесиңер… Кимдин ким экенин түшүнөсүңөр!” деген маанайда капага батып жүрөбү? Каңырыгы түтөп аткандыр… Кайда баратабыз? Убагында жетиштүү добуш ала албай калганы болбосо…. А түпкүлүгүндө карапайым калктан үмүт үзбөш керек. Учурда Бабановду колдоп аткандар, аны саясаттан көргүсү келгендер, эстегендер өтө арбын. Билинбегени менен рейтинги жогорку деңгээлде кармалып турат. Жугумдуу да…-деп Арыба.кж билдирди.

Аргумент.kg