Менин айымдан аялын көк ала кылып уруп, талагын берип ажырашып кетишти….

Менин айымдан аялын көк ала кылып уруп, талагын берип ажырашып кетишти….

14-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Саламатсызбы Аргумент.кж сайты. Сураныч менин катымды дагы чыгарып бериңизчи.  Жакында он чакты курбу кыздар менен отуруп калдык… Биздин эми аялдардын темасы  жанагы эле күйөө… Бир курбу кыз күйөөсүн бирөө менен тутуп алганын айтып калды. Анын күйөөмдүн  менин жолдошумдун алысыраак тууганы досу… Үйгө келип жолдошума айтып бердим.  Досуну аялы тутуп алыптыр деп.Бир чети күйөөмө да сабак болсун деп айттым … Эртеси күнү күйөөм жанагы досуна жоолугат … Ал да кыйтыр адам экен «аялы менен келише албай , жок жерден мени подозревать этип атат» деп сөз баштаса , менин жолдошум да айтыптыр » уктум , башкага берген сүйүүнү аялына бербейсинби» деп сүйлөшө калыптыр … Аз убак өтпөй эле курбуму күйөөсү мас болуп келип , бети башын көгөртүп  , талагын бериптир … Экөө ажырап кетишти … Баарынан да мончоктой 2 кызы бар эле … Мен айыптуумунбу … Аябай жаман болуп жүрөм..
Урганынын себеби сен баарына айтыпсын менин жүргөнүмдү дептир …Сураныч, кеңеш бериңизчи эмне кылсам болот?  аноним кылып чыгарып бериңизчи