“МЕНИ ӨЗ УУЛУҢУЗДАЙ КӨРҮП КЕЧИРИҢИЗ”,- ДЕЙТ САЛАМАТ САДЫКОВА ТУУРАЛУУ БУРМАЛАНГАН ЖАҢЫЛЫККА ИШЕНГЕН КОЛДОНУУЧУ
12-баш оона, 2020-ж // // Айпери ОсмоналиеваБул тууралуу Али Абдразаков аттуу Фейсбуктун колдонуучусу ырчы Саламат Садыковага жооп берди:
“Саламатсызбы эже! Канча күндөн бери тынчыңызды алганымды билем. Ачуулукка алдырып, өзүмдүн алсыз экенимди көрсөтө салдым.
Сизди эне катары сыйлайм! Анткени менин да сиздей энем бар. Билем, энелердин мээрими чексиз болорун. Ошондуктан мени да өз уулуңуздай көрүп кечириңиз!
Жакшы сөз да, жаман сөз да бир ооздон чыгат демекчи, кээ бир адамдардын сизге карата айтылган сын-пикирлери үчүн да кечирим сурайм!
Мусулмандарга карата оюңуз түз экенине абдан кубанычтамын! Ошондой эле сиз менен тең замандаш болуп жашап жатканым да мен үчүн чоң сыймыктыр!
Урматтуу, достор! “Болор иш болду, боёсу канды” дегендей, бул сөздөрдүн артынан мусулмандарга кайчылаш сөздөрдү атайын тараткан жана элди эки тарапка бөлүп-жаруу максатын көздөп жазган ар кандай медиа порталдар аман эле болгула!
Эже, эч качан оорубаңыз. Небере-чеберелериңиздин күнүн-күчүн көрүңүз. Үйүңүздө чоң-чоң исламий тойлор болсун. Неберелериңиз элдин алкышын алган, куран жаттаган жана хадис илимдеринин ээлери болушсун! Эң жаман көргөн уулуңуздун артынан ылайым падышалар жүрсүн! Омийн!”- дейт ал.