“Мен жаш, сулуу кызды сүйүп калдым. Аялымды кантип таштаарымды билбей жатам?!”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Аялыңды сүйүп калган кездеги сүрөтүн көрсөтчү? – деп сурайт акылман. Киши көрсөтөт. Сүрөттө тал чыбыктай ийилген сулуу кыз карап турган болот. — Кызык, ушундай сулуу кыздан да сулуу кыз таптыңбы? – деп таң калат акылман. — Жок, албетте, жок. Ал кезде аялым чындап эле аябай сулуу болчу. Бирок азыр… Азыр мурункудай болбой калбадыбы? – деп мукактанат киши. — Аялыңдын сулуулугун кайтаргың келеби?… Жаш кезин кайтарып берсем, аялыңды таштабайсыңбы? – деп сурайт акылман. — Андай болсо, сонун болбойт беле?! Албетте, таштабайт болчумун! – деп жооп берет киши. — Мен сага жардам берейин, бирок акысы аябагандай кымбат болот. Канча балаң бар? — Эки. — Аялың өзүнүн тең жарымын балдарына арнап сулуулугунан ажыраган. Балдарыңды алып келсең, аларды так ортосунан бөлүп туруп, аялыңа сулуулугун кайтарып берейин. — Жок ай! Кайдагыны айтпаңызчы?! – деп кыйкырып жиберет киши. — Анда эмне кыл дейсиң?! – деп таң калат акылман. — Балдарым менин да бир бөлүгүм да… Аларга канча күч-кубатым жана ден соолугум кетти… Аларды кантип курмандыкка… — …Аа, демек, сен да өзүңдү балдарыңа арнап, сен да жаштыгыңды жоготкон экенсиң да?! — деп тиги кишинин сөзүн бөлүп, мыйыгынан жылмаят акылман. Ортодо бир саамга тынчтык өкүм сүрөт. — Түшүндүм, түшүндүм баарын… Аялым экөөбүз балдарыбызга өзүбүздүн тең жарымыбызды берген экенбиз да… Туура айтасыз… Жаш кезибиздеги сулуулугубузду жана күч-кубатыбызды эми кайтарыш кайдан?!… – деп шылкыят киши. — Бирок мени аялымдан түртүп турган дагы бир нерсе бар, — деп кайра обдулат киши, — аялымдын кулк-мүнөзү таптакыр өзгөрүп кетти! Биз жаңы таанышкан кезде ал аябагандай назик, жароокер, жаркылдаган кыз болчу. Азыр болсо, эч нерсени жактырбайт, үтүрөйүп кабагы такыр ачылбайт, күңкүлдөп, урушкусу эле келип турат. — Күзгүң барбы? – деп сурайт акылман. — Жок. — Сенин аялың – сенин күзгүң! Аялыңдын көңүлүн алып, жылуу сөздөрүңдү, мамилеңди аябай, сыйлап, урматтап, барктай алдыңбы? Кемсинтип, жүрөгүн ооруткан жоксуңбу?… Өзүң кандай болсоң, аялың так ошондой болот, — деп жыйынтыктайт акылман. Ааламтордон алынган материал кыргызчаланды

Аргумент.kg