Мен жакшы ата да, күйөө да боло албадым

Саламатсыздарбы. Ар бир жазган нерседе ар бир адамдын жекече көз карашы болот экен. Бүгү н менде үй-бүлө жок келинчегимди катын деп койчумун 2 балам бар. Алардын бирөөсү 11 жашта бирөөсү 6 жашта. 1.5 жыл болду башка жашап келип алабыз. Мен жакшы ата да күйөө да боло албадым. Баарын сөктүм кайнатага чейин. Эмнеге сөккөнүмдү өзүм да билбейм. Максатты түшүнбөдүм. Келинчегим квартираны да төлөп жүрдү курсагымды да. Менин жашым 40 та оорунун баары букет кылып алдым. Келинчекти жаман көргөзүп өзүмчө жашаганы аракет кылабаштадым. Аларга оорчулугум тийбесин деп. Келинчегимде жакшы эле бизнес бар. Балдарды кеңири багын чоңойтот. Ошондо мендей казино ойногон толтура эркеке үй-бүлөдөн алыс жүрүп турганы туурабы деп ойлойм. Жылына 50-100 миң доллар колумдан өтөт. Мен кылган кылмыш иштерди келинчегим билет. Мен деле чарчадым. Баарын жыйыштырып кетип калсамбы дейм. Бирок келинчегимди кызганып балдарымы сагынып кыйналдым. Арак өлгүдөй ичем мас болгондо урам казино по крупному ойнойм. Ден соолук бок. Ошондо эмне кылыш керек?

Аргумент.kg