Мен үчүн туздалган бадыраң издеп жанын тобокелге салган кайниме ыраазымын

Мен үчүн туздалган бадыраң издеп жанын тобокелге салган кайниме ыраазымын

06-бирдин айы, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Бул чындык. Ойдон чыгарылган жомок деп ойлобогула. Анда эмесе кеп башынан болсун.

Окуя 2010-жылдын июнь коогалаңында болгон. Турмушка жаңы чыккан кезим. Көп өтпөй жакында ата-эне болорубузду билдик. Токсикозум катуу болду. Өзгөчө ачуу нерселерди жегим келет эле.
10-июндан 11ине өткөн түн. Баарыбыз бейкапар уйкуда жатканбыз. Түнкү саат 01:00до кайним чуркап келип, “тургула, сыртта тополоң болуп жатат”,-деп ойгото баштады. Бирок, эмнегедир анчейин көңүлүбүзгө алган жокпуз. “Аа, макул” деген бойдон кайра уйкуга кирип кеттик.
Эртең менен кадимки будильник эмес, автоматтын үнү менен ойгондук. Сырттан согуш тааласындагыдай атыштар угулат. Ошондо, июнь коогалаңы башталган экен.
Кайним анда студент эле. Медициналык институтта окуйт. Тапшыргандан бери биздин колубузда. Мыкты жигит.
Андан кийин эмне болду дебейсиңерби? Токсикозум башталды. Туздалган бадыраң жебесем өлүп кала тургандай абалга жеттим. Жейм, эле жейм деп ыйлап жатам. Сыртта автоматтар атылып, ызы-чуу болуп жатат. Жолдошум айласын таппай эки-жакка басат. Ошол маалда кайним чыдап карап тура албай сыртка чуркап чыгып кетти. Күйөөм “кайда, өлөсүң” деген боюнча калды.
Туптуура бир сааттан кийин ачуу бадыраң көтөрүп келди. “Жеңе, алыңыз”,-деп бергенде, дароо экини жедим, көксөөм канып отуруп калдым. Азыр ал кайним бейтапканада “заместитель” болуп иштейт. Ойлосом, медик болгону үчүн токсикоз деген балээ кандай болорун жакшы түшүнгөн.
Ошол күн эч эсимден кетпейт. Ар дайым жылмаюу менен эстейм. Мен үчүн жанын тобокелге салып бадыраң издеген кайниме абдан ыраазымын. Мындай кайнилер чанда ага кездешсе керек.
 Bilesinbi.kg