Мектепте окуп жургөндө айылда бир жигит мага аябай жагар эле. Дайыма аны көчөдөн көргөндө журөгүм атылып кетчүдөй кагып, ар бир кагышы кулагыма жаңырып угулуп турчу. Көздөрүмө көздөрү чагылыша калганда буттарым турган жеринде катып, шилтенбей колдорумду калтырак басчу. Ошентип ал жигитти сыртынан сүйүп жүруп окууну бүтуп шаарга кеттим. Шаардын чалды куйду жашоосу мени тез эле жүрөк оорулуу кылган сүйүүдөн алыстатты. Ошентип төртүнчү курска келгенде аталаш эжекемди алакачып кетти. Угушумда эжекем күйөөсү менен тынч жашай албай шаарга көчуп келиптир. Жаш баласы менен батирге жалгыз жашап төлөө ага деле бир топ кыйынчылыкты жаратты. Ушундай күндөрдө мен эжекемдин үйунө барып чогуу жашап калдым. Бул кезде мен кафеде иштеп, кечинде кеч болуп калып мага шаардын ортороок жеринен батир керек болуп жаткан. Эжекем мени жакшы кабыл алды. Бири-бирибизди көргөндө кучакташып аябай ыйладык. Ошентип жашообуз улана берди. Бир күнү кечирээк чыгып калып шашып үйгө келсем ичкериде бирөө менен эжекем урушуп жаткандай болду. Бир эркек кишинин кобуру угулду. Жездебиздин келгенин дароо түшүндүм, эжекемди ура берип качып келгенин угуп калган элем. Дароо кирип бардым. Бет маңдайымда бир кезде мен сүйүп азыркыга чейин көңүлүмдөн кетпеген адам турат. Негедир денем дүркүрөй түштү. Кийген кийми кир, бутунан тура албай мас, оозунан ак ит кирип кара ит чыгып эжекеме мени кошо сөгүп жатты.

Мен сүйгөн мен кумир тутуп, ушундай жигитке турмушка чыксам деген адам зөөкүр адам экенин түшүндүм. Эжекемди аяп турдум. Анын көздөрүндө корккондук менен ыза жанып турду…