“Мен өлүмдөн коркпойм”: Чындык издеген Болот Темиров бийликке кайрылды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Иликтөөчү журналист Болот Темиров учурдагы бийликтерге жооп берди.

Ал өзүнүн жашоодогу принциптери, жаш кезиндеги башынан өткөн оош кыйыштарын да атты.

Ал Ак үйгө Курманбек Бакиев президент болуп иштеп турганда 2008- жылы баргандыгын баса белгиледи.

“Менде ал учурда костюм да жок болчу, “барып сатып ал” дешти. Ал кезде азыркы бийликтегилер деле иштешкен. Ал тургай, Акылбек Жапаров “Ваше превосходительство” деген. Ошол кезде Садыр Жапаров жана Курманбек Ташиев деле бийликте болчу.

Мага көп сунуштар келди, бирок мага бийликтин жана байлыктын деле кереги жок”, – деди чындык издеген журналист.

Темиров кайрылуусун Temirov LIVE Ютуб каналына жарыялады. Темиров өз кайрылуусунда өз ишмердүүлүгүн качан, кандай жол менен баштагынын айткан.

«Биздин башыбыздан өтүп жаткан бул сыноолор мага жана биздин командага сабырдуулукту үйрөтүп жатат. Буга чейин да мындай көрүнүштөр болгон. Кол салуулар, коркутуулар да болду. 2018-жылдан бери түрдүү сунуштар келип жатты. Бийик кызмат орундар, чоң акча, бийлик… Бирок мен өзүмдүн принциптеримди жана максаттарым бар экенин айтып, баш тартып келдим», — деп баштайт өз карылуусун Темиров.

Аргумент.kg