Мен кайненем менен жашагым келбейт, кантип бөлүнсөм болот?

Мен кайненем менен жашагым келбейт, кантип бөлүнсөм болот?

02-баш оона, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева
Саламатсызбы. Менин дагы жеке оюмду сиздер менен бөлүшкүм келди… Күйөөмдүн ата-энеси менен чогуу жашайбыз. Мен бөлүнүп өзүнчө жашагым келет. Өзүмдүн каалоолорум аткарып, өзүмө жаккан ишти кылып …. Ар Бир нерседе эле кийлигише беришет. Мен өмүр бою кичинекейлер нерселер үчүн уруш угуп жашагым келбейт . Күйөөм болсо бөлүнбөйбүз дейт. А мен кыйналып кеттим. Күндө ошол эле иштер кайталанбайт, кайталанма жашоо, жашоонун кызыгы деле кетип бара жатат. Баардык неберелерин алып келип алышат. Балдарыма да калса, сатып берген оюунчуктарды дагы кенен ойното албайбыз! Келсе эле сындырышат. Кыскасы алып кетишет. Ооба негизи туура ата-энесин караганы, бирок алар жаш… Каарып караганга муктаж болгондо деле карасак болот да.