МЕН БҮГҮН ЖЕ ЭРТЕҢ ӨЛҮП КАЛЧУДАЙ ЭЛЕ КОРКУП ЖАТАМ…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ичимдеги бугум менен бөлүшкүм келди. Ушунчалык бук болуп, ыйлагым келип жатат. Өлүп калчудай эле коркуп жатам. Анда сөз башынан болсун.
Мен медицина кызматкери болуп иштечүмүн. Кош бойлуу болгонума байланыштуу жумуштан чыгып кеткем. Анын үстүнө атың өчкүр таажы вирусу да башталып калды. Үйдө отурганда кошуна-колоңдор үйгө келе беришет экен, “укол сайып, капельница жасап бер” дешип. “Жок” деп айта албай эле жанталышып чуркап жөнөмөй. Ушинтип чуркап жүрүп ооруп калдым, бир жума болуп калды. Эч жыт сезбей, даам сезбей, өзүмдү сыртымдан алдап койгонум менен ичимден коркуу сезими пайда болуп жатат. Бир өзүмдөн жана баламдан коркуп турам. “Бүгүн же эртең” деп күн санап олтурам. Жолдошум «болду уколунду токтот, өзүңдү, үйдөгү балдарды ойлосоң» деп урушуп, анан токтотту, бирок кеч болуп калды. Катуу ооруп калдым…
Гүлнара
Булак: Aryba.kg

Аргумент.kg