“Мен бийликте канча олтурсам, Ташиев дагы ошончо олтурат” – Садыр Жапаров

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

“Биринчиден, экөөбүз эч качан урушпайбыз. Урушканга мен жол бербейм.
Экинчиден, “бийлик талашып атат” деген калп сөз. Мен кандай буйрук берсем, дал ошондой кыйшаюусуз аткарат. Анткени мен жеке кызыкчылыгым үчүн кандайдыр бир иш жөнүндө буйрук бербейм. Бир гана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн болот.

Үчүнчүдөн, экөөбүздү уруштура албай эки жылдан бери түн уйкусу жок иштеп жаткан топтор бар. Баарын билебиз. Алар “Ташиев кадр чечип атат. Ташиев президент болгусу келип атат” дей беришсе эле мен аларга ишенип, кызганып Ташиевди кызматтан ала коймок белем.

Мен бийликте канча олтурсам, Ташиев дагы ошончо олтурат. Эң негизгиси мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына каршы келген иштерди жасабасак болду”, – деп билдирди ал.

Аргумент.kg