“Мелис Мырзакматов саясий куугунтукка кабылган…”
10-аяк оона, 2019-ж // //Саясий куугунтукка алынгандардын катарында Мелис Мырзакматов да бар. Мындай пикирин саясатчы Өмүрбек Текебаев Акманда эл менен болгон жолугушууда айтты. Анда ал жакында эле Мырзакматов менен сүйлөшкөнүн белгиледи. Ал бул туурасында: “Мен түрмөдөн чыккандан кийин чалып куттуктады. Эркин болуп чет жерде жүргөн түрмөдө жаткандан да оор экен деди” – деп айтты. Кошумчалай кетсек, 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодо “Ата Мекен” менен Мелис Мырзакматов жетектеген “Улуттар биримдиги” партиялары чогуу ат салышкан.
Булак: «Фабула»