Мелис Аспеков: Сыймык Жапыкеев, боюң кичинекей болсо да, тоодой духуң бар экен

Бул тууралуу активист Мелис Аспеков  жеке өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды:

«Сыймык Жапыкеев мен сага ыраазымын. Ошол куну эл чарчап, карангы киргенде, экообуз чечишип, эми алалы ак уйду дегенде. Сен камалсак камалалы, бирок башка шанс келбейт деп, биринчи жолду баштадын. Эч кимдин духу жеткен жок ошол кадамга. Боюн кичинекей болсо дагы, тоодой духун бар экен. А мына эми победителей не судят дегендей, копосдорду кустуруп журосун. Делай даканссааа.»- деген билдирүү калтырган.

Белгилей кетсек, 4-октябрда парламенттик шайлоо болгондон кийин, алдын ала чыккан жыйынтыктарга нааразы болгон партиялар, тарапташтары аянтка митингге чыгышкан. Ал митингди баштагандардын бири “Чоң казаттын” лидерлеринин бири Сыймык Жапыкеев болгон. Борбордогу башаламандыктар болуп, бир топ кадрдык өзгөрүүлөр орун алган. Митингге активдүү катышкан Сыймык Жапыкеев алгач Генпрокурордун м.а. болуп, бир аздан соң Садыр Жапаров аны Финполицянын төрагасы кылып дайындаган.

Аргумент.kg