Мелис Арып-Бек: «Кадрды космостон издебей эл арасынан караш керек Садыр иним»
04-бирдин айы, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваПремьер министр болгон Улукбек Мариповго каршы экенин билдирген посттор фейсбук баракчасына байма-бай жарыяланып жатат. Алардын бири Мелис Арып-Бек Садыр Жапаровго кат жолдогон. Катында Садыр Жапаров кадр саясатында аксап жатканын жазып, Мариповду эч ким колдобой жатканына маани бербегенине басым жасаган. Катты өзгөрүүсүз толук берүүну туура көрдүк.
“Ойлонбой иш жазасаң, онтобогон ооруга каласың” – Кыргыз эл макалы
Садыр мырза, Кыргыз калкы калкылдап агылып, өзүңдү Элбашы кылып шайлашты. Туурабы? Эмне үчүн? Жакшылыктын жышааны жаралабы? – деген улуу үмүткө умтулушуп. Анан эле, такка олтургандан кийин эмне болуп жатат? Алгачкы кадамдарың эмнелерге алпарарын ойлонуп жасап жатасыңбы? Же болбосо, шайлоо учурунда жем чачкан чөөлөрдүн курчоосунда калдыңбы? Чындыгында, ушундай болуп жатат Садыр иним. Себеби…
Себеби, атасы Асамидин эки жолу ЖК депутаты болгон, арааны ажыдаардай ачылып, жетим жесирлерди кордоп, кул жумшаган Мариповдордун уулу Улукбекти ким аркалуу таап алдың? Бешиктен бели чыгалек жатып, ал бийлик бутактарында аркалабаган майлуу сүттүү тармак калбаптыр. Акыркы беш жылдын ичинде Эсептөө палатасынан жылбай, а бир ак, ич жылытарлык эч иш кылбаптыр. А бир ак, куулукту, тапандыкты, шылуундукту ойда өздөштүрүптүр. Арбир кыймыл аракетинде, кымырылып кылтыйып ойноктогон көз карашында, анын ички амалы, арамзалыгы, айлакерлиги ашып-ташып турат экен. Анан ушул алчы-таасын жеген шумпай, кантип эле үч айдын аралыгында мамлекеттин өнүгүсүнө салым кошмок эле? Керек болсо…
Керек болсо, аны өзүнүн айылдаштары, туугандары жек көрүшүп, Мариповтордун алдым-жуттум, ууру-кескиндерин жарышып жарыйалашып жатышпайбы. Арга жоктон, орусча айткың келет – Неужели – деп. Неужели, ушулнчалык кыргыз калкынын арасынан, өзүңө кол бут болчу, акылпарасат айтчу, акдилинен иштеймин дегендер табылбасын??? Жок дегенде…
Жок дегенде, кечээле өзүң менен ажолукка ат салышкандардын арасынан Улукбек Кочкоров же Исамидин Ташов деген элине иш жүзүндө күйгөн азаматтардан премьерликке сунуштабайт белең? А по большому счёту, на перевале коней не меняют. Өзүң жокто, досуң Талант Мамытов баш болуп, Артём Новиков төш болушуп, Камчыбек Ташиев кылычын камчыланып, Сыймык Жапыкеев найзасын жемкорлорго тап берип, жаш министрлер жаңы ыкмаларга өтүп, биртоп маселелер чечилип, элде үмүттүн шооласы жанып калган… Анан эле эмне болуп кетти, кокуй. Кайсыл теке сүздү, арман күн?
Мариповдордун мафиясын 120 чимкириктер колдошуп, байагыле ашынган амалкөй айлакер жемкорлордон жаңы өкмөт түзүмү көрсөтүлдү. Жок дегенде, акыл жаштан асыл таштан дегендей Тилек Токтогазиев менен Эльвира Сурабалдиеваны калтырышса болмок да, өзүң айткандай “ырымдап”. А по большому счёту…
А по большому счёту, орустун Три богатыря – деген таарыхый сүрөтү бар. Бир учурда, силерди да тагдыр сынап: Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана өзүңдү кошуп, абакка чогуу олтуруп чыккансыңар. Андыктан…
Андыктан, өзүң Элбашчы ажо, Талант Спикер, Камчыбек Премьер болсоңор, ошондо “Три богатыря” – “Үч баатыр” биригип, Кыргызстанды баткактан сууруп чыкмаксыңар. “кадры решают всё” – деп Иосиф Сталин бекеринен айтпаса керек… Так что есть над чем подумать Садыр мырза. Элге тайанып, элдин үнүн уксаң жаңылбайсың. Космостон кадр издебей, эл арасынан издесең, элдин талабына, оймүдөөсүнө кулак төшөп, көкүрөгүңдү ачсаң, анда алгалайсың…
Эркин журналист Мелис Арып-Бек
ARGUMENT.KG