Мектепте окуучу кыздарга шым кийүүгө тыюу салууда

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Окуучу кыздар мектепте шым кийип келгенге тюу салынды. Бул тууралуу Тенгри.ньюс сайты жазып чыкты.

Маалыматта, Казакстандын кээ бир аймактарындагы мектептерде окуучу кыздардын мектепке шым кийип келүүсүнө тыюу салган. Бул эреже окуучуларга гана эмес алардын ата-энесине да туура келген эмес. Алар жергиликтүү басылмалардын бирине арызданып кайрылышкан.

Ата-энелердин айтымында кыздарын мектепке юбка менен гана киргизип жатат. Сууктун күнүндө кыздарга юбкага караганда шым жылуу болот. Мындай мыйзам кайда жазылган дешет.

Ал эми бул окуя боюнча билим берүү министрилиги  мектеп окуучуларына үстүнкү кийим ак ал эми астынкы кийим кара классикалык багытта болсо жарай бере турганын билдирген.

Аргумент.kg