Мектеп окуучусу уруша кетип, апасын өлтүрүп алды

24- апрель күнү Алай районунун Жошолу айыл өкмөтүндө 10-класстын окуучусу 52 жаштагы апасы А.А.ны өлтүрүп алды. Апасы көп жылдардан бери ичкиликке берилип жүргөн. Каза болгон күнү да мас болуп келип, кызы менен урушкан. Кызы колуна кулпуну алып, апасынын башына 2-3 ирет чаап жиберген. Апасынын башынан кан агып, жаткан жеринде каза болуп калган. Кыз апасы экөө эле жашап жүрүшкөн. Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондору боюнча комендатуранын маалымат борборунун башчысы Жеңиш Аширбаев аталган маалыматты тастыктап, кылмыш иши козголгонун, учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатканын билдирди. «25-апрель күнү саат 10:00 чамасында Алай РИИБдин нөөмөт бөлүмчөсүнө Жошолу айыл өкмөтүндөгү айылдардын биринде 52 жаштагы аял кишинин жансыз денеси табылгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге Алай РИИБдин ыкчам тергөө тобу барган. Алар 24-апрелде саат 22:00 чамасында 16 жаштагы кыз апасы менен уруша кетип, темир кулпу менен апасынын башына 2-3 жолу уруп, башка бөлмөгө кирип жатып алганын аныкташкан. Жараат алган 52 жаштагы апасы кансырап жаткан жеринде каза болуп калган. Окуя боюнча Жазык Кодексинин 138-беренеси (Денеге оор зыян келтирүү) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталып, шектүү 2 айга камакка алынды», – деди Ж.Аширбаев. Алдын-ала маалыматка караганда, маркумдун жолдошу 7-8 жыл мурун дүйнө салган. Маркум аялдын 4 баласы бар болчу.
 
Булак: Турмуш

Аргумент.kg