“Мекеним Кыргызстандын” тизме талашы

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

“Мекеним Кыргызстанда” тизмеси бир топ эле кызыктуу түзүлүптүр.  Башкы спонсордун бирөө Искендер Матраимов тизмеде онунчу болуп жүрөт. Баш жагында болсо партияга жетекчи сыяктанган Мирланды Бакирводу эсепке албаганда ырчы, бөлөк улут өкүлү, борбордун мэриясынын мурунку жетекчилеринин бири жүрөт. Азаттыктын изилдөөсүнө аябай каршы чыгып Матраимовдорго абдан кызмат кылган Эльнура Алканова ондуктун ичинде жүрөт. Ал эми Акматбек Келдибеков болсо 14-орунду ээлептир. Демек бул партия жок дегенде 20 орунду алам деген ишеничинен кайта элек. Биз мурда жазгандай жок дегенде ондуктун ичине кирем деп үмүттөнгөн учурдагы депутат Каныбек Иманалиевдин карааны чындап эле көрүнбөйт. Шайлоонун негизги интригасын түзө турган бул партия чындап эле өтсө өлкө бийлигинде күтүүсүз өзгөрүүлөр болот дегендер да жок эмес.  Негизги мыйзам Конституция менен факты жүзүндөгү бийлик системасы карама-каршы келээрин мурдатан айтып келишкен. Алардын айтымында баш мыйзамда негизги бийлик өкмөт башчысынын колунда экени ачык көрсөтүлгөн. Ушул маселени “Мекеним Кыргызстан” парламентке бир топ добуш менен өтүп кетсе көтөрүп чыгышы мүмкүн экендиги аз-аздан айтыла баштады. Эгер ошол логикага таянсак, олигархтар Кыргызстандагы негизги бийликти алууга умтулабы?  Айтор бул жоромолдордун канчасы чын канчасчы калп экендиги деле белгисиз. Бирок Кыргыздын макалында айтылгандай: “шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабаса керек”.
ARGUMENT.KG

Аргумент.kg