“МЕКЕН К….Ө КИРИП КЕТСЕ…”. НАЗИРА АЙТБЕКОВА УЛАН ҮСӨЙҮНГӨ БОЛУШУП ЧЫКТЫ

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Белгилүү теле алып баруучу Назира Айтбекова жарандык активист Улан Үсөйүнгө болушуп, өзүнүн фейсбук баракчасына пост жазды. Анда мындай дейт:

Эки жыл мурун болгон окуя. Бир күнү баламдын күткөн адамы келбей калып, түйтөйүп калды. Терезени бир күн тиктеди эле. Сумкамды карасам, бензинге деген акыркы 500 сом эле бар экен. Уулумдун көңүлүн алайын деп кинону көздөй жөнөдүк. Көңүлү сынып турганына энелик сезимим чыдабай койду. Кинодон чыга берерде дтп болдук. Күнөөлүү чыктым. МАИ келди. Штраф стоянкага айдап жөнөштү. Жолдон ичимдик ичтиби деп текшерип, ага акчам жок МАИчи байке 250 сомду өзү төлөдү. Бензин өчүп – күйүп калган. Кимге чалаарымды билбейм. Бырылдап ыйлап отурам. Улан чалып калды Кудай жалгап. Айтсам, жетип келип, бир жума мени мн МАИде чуркап, айып пулунун баарын төлөп, жардам кылды. Ушундай ыраазы болдум. Эл арасында жүрүп, көмөк сураганга эч кимим деле жок экен. Ошондон бери Уланга болгон сыйым чоң. Жакшылыгы эсимден чыкпайт. Эстеген сайын, Кудайдан жакшылык тилейм. Сырымды бөлүшкөн сырдаш досум. Мекен үчүн күйүп атса, ” гей” деп жугунду куйганыңар туура эмес. Эртең мекен көтүнө кирип кеткенде ушундай таза, мекенчил жаштар чыгарат ошол жерден! Күн тийген жердин күкүгү болуп, жугунду куйуп берсе, ичип алып , келечекте өсө турчуларды чалгандан уялгыла. Жан дүйнөсүн мен билем. Кыйын жигит! Улашка досум, сынба-деп Элдик.медиа жазып чыккан. 

 

 

Аргумент.kg