Мээрбек Мискенбаев, экс-депутат: “Кой-Таш, Арашандын эки миңдей элин Соке сабатып, кор кылган”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Мээрбек иним, Кой-Таш окуясы боюнча сот кандай жүрүп атат, оң жагына жылыш барбы?

— Учурда ИИМ кызматкерлери сурак берип бүтүштү. Баардыгы биз тарапка эч бир дооматтары жок экенин айтышты. Ошол эле учурда УКМКнын “Альфа” кызматкерлери “ошол кагылышууда тишим сынган” десе, дагы бири “көчүккө бир тепкен”, “башка бир урган” дешип, ойго келбеген сөздөрдү божурап, көрсөтмө берип атышат. Чын-чынына келгенде, ошол эле “Альфа” кызматкерлери Кой-Таш, Арашандын эки миңдей элин сабатып, ургулап, аткылап, анын ичинде мени да сабашкан. Мындай кордукту Соке көрсөткөн да. Эгер сот адилеттүү тергей турган болсо, так ушу “Альфанын” кызматкерлери, ошо кездеги УКМК, ИИМ башчылары Кашкар Жунушалиев, Орозбек Опумбаев жана эң анабашчы Сооронбай Жээнбеков соттолушу керек! Бирок, баягы эле Сокенин убагындагыдай соттор бир тараптуу карап, жабыркагандар мамлекеттик кызматкерлер болуп атат.

 — Кашкар Жунушалиев, Орозбек Опумбаев, Сооронбай Жээнбеков сотко келип көрсөтмө бериштиби?

— Негизи Кой-Таш окуясы боюнча соттун аягына чыга турган бир гана жолу бар. Мен сотторго, прокурорлорго “сиздер ИИМдин жана УКМКнын кызматкерлерин сурабастан, ошондогу иштин башында турган Жунушалиев, Опумбаев жана Сооронбай, Асылбек Жээнбековдорду суракка чакыргыла, көрсөтмө беришсин” деп атам. Соттор анымды укпай эле, аларды калкалап аткандай таасир калтырууда.

— Алмазбек Атамбаевден кабар алып атасыңбы, акыбалы кандай?

— Алмазбек Шаршеновичтин акыбалын жактоочусу аркылуу сурап атабыз. “Түзүк, баары жайында” деп айттырып атат. Бирок, анын саламаттыгы күндөн-күнгө начарлап атса да, духун бийик кармап жүрөт. Биз аны сезип эле турабыз. Ал толук кандуу дарыланууга муктаж. Жок дегенде азыркы бийлик камкордук кылып, дарыланганга мүмкүнчүлүк бериши керек деп ойлойм. Эмнегедир Атамбаевге баардыгы каршы болуп, “түрмөдөн чыгарбай эле аркы дүйнөгө кетиребиз” дегендей го? Эртели-кеч баары бир Атамбаев акталып чыгып, азыркы коррупционерлердин, саткындардын сазайын берет! Бир гана Атамбаев өлкөнү тазалайт!

Сурат Жылкычиев  «Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg