Медиктер үчүн көп батирлүү үйдү министр Бейшеналиевдин уулу куруп жатат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Медиктер үчүн көп батирлүү үйдүн курулуш ишин Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы Алымкадыр Бейшеналиевдин уулу — Мар Бейшеналиевдин — фирмасы аткарып жатат. Маалыматты «Клоопко» ведомствонун жетекчиси өзү тастыктады.

Министрдин айтымында, уулу бул үйдү муктаждарга жардам бергиси келгендиктен курууну чечкен.

«Менин балам, мага караганда абдан жупуну. Ал ЖМКга көрүнгүсү келбейт. […] Бизнесмендер салымын кошкусу келбейт, байлыкты гана көздөшөт. Мен болсо балдарымды башкача тарбиялагам. Жүз сом тапсаң кайсы бир бөлүгүн муктаждарга бер. Бул менин жашоомдун принциби. Мен өзүм дагы мечит, окуучулар үчүн мончо, мектеп, бала бакча кургам», — деди Бейшеналиев.

Министр үйдү кайсы фирма куруп жатканын так атаган жок. Анын айтымында, Мар Бейшеналиев 2 ай мурда ишмердиги текшерилип жаткандыктан 20 күнгө жакын УКМКда жүргөн. Бирок министрдин тааныш-билиштеринин жардамы менен кырдаалды жайгарууга мүмкүн болгон.

«УКМК “Алтын Балалыкты” калыбына келтирүү үчүн акчаны кайдан алганын текшерген. Дагы жакшы салыктын бардыгы төлөндү. Ал Ысык-Көлдөгү коттеждерин сатып, 32 000 доллар салык төктү», — деп белгиледи ал.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, Мар Бейшеналиев «Драйв» ЖЧКнын жетекчиси, ал эми компаниянын негиздөөчүсү — Замира Курманова (болжолдуу Мар Бейшеналиевдин энеси). Ушул эле фирма урологиялык борборду курган, учурда «Алтын Балалыктын» аймагын реконструкция кылып жатат.

Аргумент.kg