Медербек Саидов: “Биздин өлкөдөгү жек көрүү сезимин күчөтпөйлү”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

 Учурда экономика жаатындабы, же маалымат алуудабы, кызыктай абалга кептелдик. Ушундай кризистик абалда кандай кадамдар же эрежелер зарыл?

— Азыр дүйнө кайда карап жүз бурарын эч ким билбейт, ошон үчүн эртең ар бирибиз кантип жашоону жана андан ары эмне кылууну ойлонушубуз керек. Саясатчылар глобалдык чечимдерди кабыл алып жатышат, бирок жөнөкөй эл көп нерсеге таасир эте албайт экенбиз. Кандай гана оор күндөргө кептелсек дагы, жашообуз өз колубузда. Ошондуктан жөнөкөй эрежелерди ушундай кризистик кырдаалда сакташыбыз керек деп ойлойм.

Биринчиден, шашылыш чоң чечимдерди кабыл алуу ашыкча. Долларды тез арада сатып алуу же сатуунун, баалуу кагаздардын төмөндөп жатканынан пайдаланып сатып алууга аракет кылуу же башка тобокелчилик чечимдерди кабыл алуунун кажети жок. Мындай финансылык кризистен пайдалануу негизи адис адамдардын иши, алтургай эртең эмне болору жөнүндө эч кимдин эч кандай түшүнүгү жок.

Экинчиден, маалыматтарга критикалык жактан байкоо жүргүзүү керек. Расмий маалымат каражаттарынан чыккан маалыматтарды анализдеп, изилдеп, талдап, өз интуицияңарга карап чечим чыгаруу зарыл. ЖМКлардын маалыматтары дайыма эле туура боло бербейт. Ошондуктан ар дайым альтернативдүү маалыматка ээ болушуңуз керек. Ушактарды ээрчип кетүүдөн алыс болуу зарыл. Пропагандист (үгүтчү) сайттарга, ТВ жана радиодо күн сайын берилип жаткан маалыматтарды угуунун, окуунун же көрүүнүн кажети жок. Келген маалыматтарды акыл-эстүүлүк менен баалап, ага дароо эле ишене бербеш керек.

Үчүнчүдөн, эң кыйын нерсе – жек көрүү сезимин өрчүтүүнүн кажети жок. Ооба, жеке мен Украинада орус аскерлерине буйрук берген адамдар псих, же бир гана жеке саясый кызыкчылыгын ойлогондор деп эсептейм. Бул адамдар чоң кылмышка бараткандарын сезбейт. Бирок мен билем, бул согушту каалабаган жана ага каршы чыккан орус эли жетиштүү. Бирок андайларды орус бийлиги камап, кармап кетип, түрмө менен коркутуп жатканын ЖМКлардан деле окуп жатабыз. Согуш, албетте, сөзсүз токтойт, бирок жек көрүүлөр муундан-муунга кылымдар бою эсте калат.

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg