Мечиттин жанында октон каза тапкан жарандын жубайы: «Тоюбузга даярданып жатканбыз”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкектеги мечиттердин биринин жанында кенже инспектордун огунан каза тапкан Чыңгыз Абдыраев бүгүн, 29-августта акыркы сапарга узатылды. Маркум сентябрь айында үйлөнүп, той берүүнү пландап, даярданып жаткан. Бул туурасында анын жубайы Ясмина айым менен сүйлөшкөнүбүздө маалым болду. Айтымында, алар расмий түрдө никесин кыйдырышкан. «Чыңгыз менен ушул жылдын март айында таанышканбыз. Өзгөчө адам болчу. Эң биринчи ыйманы, адамга болгон күйүмдүүлүгү, кичи пейилдиги, чынчылдыгы, боорукерлиги менен жүрөгүмдү багындырган. Жашоого болгон көз карашы, адамдарга жасаган мамилеси менен жаккан. Ал менин бир тууган агам менен 2009-жылдан бери тааныш, дос экен. Бирок бул туурасында биз таанышкандан кийин билгенбиз. Шариатка ылайык, биздин никебиз бар. Тоюбуз 20-сентябрга белгиленген, даярданып жаткан учурубуз болчу», — деди ал. Ал эми каргашалуу окуя мечиттен намаз окуп чыкканда болгонун белгиледи. «Беш маал намазды мечиттен дайыма окуй албайм. Убакыт кенен болгондо барып турам. Окуя болгон күнү кечки магриб намазын окуп чыккам». Чыңгыз Абдыраевдин мурдагы жарандык никеси, балдары жөнүндө Ясмина айым буга токтолду. «Чыңгыз мурда жарандык никеде жашап, 2 уулу бар. Аларды мен өз балдарымдай көрөм. Чыңгыз аталык милдетин аткарып балдарына тамак-аш, кийим-кече алып берип, батирдин ижарасын төлөп, бардык жактан камсыздап турчу. Балдарды ооруканага алып барыш керек болсо чогуу барып, чогуу эс алчубуз», — дейт. Маалымат үчүн: Окуя 27-августта саат 21:30 чамасында Жибек Жолу кең көчөсү менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде орун алган. Анда милициянын кайгуул кызматынын инспектору менен айдоочунун ортосунда уруш чыгып, инспектор кокустан аны атып алган. Айдоочу алган жаракатынан улам көз жумган. Аталган окуя 321-берененин бөлүктөрү («кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «ошол эле жосун», «курал же атайын каражаттарды колдонуу менен», «кокусунан ден соолукка оор зыян келтирүү менен») боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул окуяны тергөө ишин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана прокуратуранын кызматкерлери жүргүзөт. Интернетке инспектордун тапанчасын алып чыккан видеосу жарыяланды. Кийинчерээк маркумдун достору УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жасаган кайрылуусун интернетке жарыялашты. Андан көп өтпөй маркумдун келинчеги делинген айымдын видеокайрылуусу тарады. Бишкек ШИИББи инспектордун алгачкы көрсөтмөсү видеого жазылып калган учур менен окшошпой турганын, кылмышты жаап-жашыруунун белгилери жок экенин жана башка нуктагы маалымат берүү ниети жок экенин баса белгиледи. Кийинчерээк инспектор киши өлтүрүү фактысы боюнча кармалып, ага карата «баш калкалоо», «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «адам өлтүрүү» фактылары боюнча кошумча сотко чейинки 3 өндүрүш иши катталганын, тергөөнүн жүрүшүн Камчыбек Ташиев жеке көзөмөлүнө алганын УКМКдан кабарлашты. Мындан тышкары дагы 3 кайгуул кызматкери өзгөчө оор кылмышты жашырып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелип кармалды.

Аргумент.kg