Мавлян Аскарбеков: “Сөз эркиндигине күч колдонуу – туңгуюкка алып барат”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Бир топ коомдук ишмерлердин, активисттердин камалганы кандай ой калтырууда? Бул зарыл беле?

— Борбор Азия өлкөлөрү Россия Федерациясын эске алуу менен кыргыз мамлекети 30 жылда экономикалык өсүшкө, саясый стабилдүүлүккө ээ болбосо да, бир жетишкендикке ийгиликтүү жеттик десек болот. Бул – сөз эркиндиги жана күчтүү коомдук чөйрө. Жарандык чөйрөнү түзө алганга жетиштик. Россияда, Борбор Азияда, башка мамлекеттерде да мындай жетишкендик жок.

Ошону эске алуу менен бир нече президентти кууп, калыстык үчүн эл көчөгө чыгып, жанын аябай туруп бергенин, тажрыйба элде бар экенин билип туруп, бүгүн сөз эркиндигине каршы, коомдук ишмер саясатчыларга каршы жасалып жаткан куугунтук – бул кечээги күндөн сабак албагандыкты гана тастыктап турат. Сөз эркиндигине, активист, оппозиционерлерге каршы күч колдонуу менен эмес, жаңы методдор менен күрөшүү зарыл.

Бул – дебаттар, аргументтер, фактылар. Эл алдында бийлик өзүнүн тууралыгын, калыстыгын ачык көрсөтүп турганда гана элдин ишенимине ээ болуп, оппозиционерлердин үнүн жокко чыгара алат. Ал эми күч колдонуп сөз эркиндигине чек коюп, оппозиционерлерди, активисттерди камай берүү – бул туңгуюкка алып келери шексиз.

Булак: Азия News гезити

Аргумент.kg