Матраимовдордун жактоочусу судья болуп дайындалды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңеши  тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытовдун дарегине Бишкек шаарынын кээ бир райондук сотторунун, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн 9 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.
Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен, Талант Мамытов судьялык кызматка 9 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду.
Президенттин милдетин аткаруучу 9 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызмат орундарына дайындоо жөнүндө жарлыктарды чыгарып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн жиберилди:
— Бишкек шаары
Октябрь райондук сотуна:
Жарматова Айдай Жарматовна;
Жолдошбаев Мирлан Эргешбаевич.
Свердлов райондук сотуна:
Абыкеев Таалайбек Капарович;
Байдаева Лейла Алиевна;
Түмөнов Алтынбек Жаңыбаевич.
Ленин райондук сотуна:
Өмүралиев Мелис Асанбекович;
Тентимишов Марлен Бактыгулович.
— Ысык-Көл облусу:
Ысык-Көл облустук сотуна;
Мырзаканова Бермет Низамидиновна.
— Нарын облусу:
Нарын облустук сотуна:
Алыбаев Замир Эрнисбекович.
Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
КР Президентинин милдетин аткаруучунун Жогорку Соттун судьясынын бош кызмат ордуна шайлоо үчүн 1 талапкер боюнча тийиштүү сунуштама-каты Жогорку Кеңешке жиберилди.
Эске сала кетсек, Бишкектин Свердлов районуна судья болуп дайындалган Лейла Байдаева соттордо Матаримовдордун кызыкчылыктарын коргоп жүргөн.

Аргумент.kg