Масалиев: «Жогорку Кеңеш бир гана Мадумаров жана чек ара эмес»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бүгүн, 12-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйынга чогулду. Анда «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын өкүлү Исхак Масалиев бардык маселелр мыйзам жолу менен гана чечилишин эске салды.

Депутат парламентте бири-бирине акыл үйрөтүүнү токтотуу керек экендигин айтты.

«Урматтуу депутаттар, мен эч кимге акыл үйрөткүм келбейт, бирок, өзүбүздүн ишмердүүлүгүбүзгө баа бергенге укугум бар. Эгер комитеттин ишинде ката болсо, анда мен ката деп айтып коюшум керек. Жогорку Кеңеш бул бир гана Мадумаров жана чек ара эмес. Оюнчук таап алдыңарбы, бирдеме болсо эле Мадумаровго тийишип…Келгиле башка маселе боюнча сүйлөшөлү», — деди Масалиев.

Аргумент.kg