Масалиев: Эч кимге , эч нерсеге милдет эмес өкмөттүн эмне кереги бар?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Элинин кызыкчылыгын көздөбөгөн, эч нерсеге милдет эмес өкмөттүн эмне кереги бар? Мындай сынды Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев комитет жыйынында Персоналдык маалыматтарды коргоо агенттигин ишмердүүлүгүн карап жатып бийликке айтты.

“Кечээ Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов мамлекет жарандарга пенсия төлөөгө милдеттүү эмес деп чыкты, силер болсо жарандардын укугун коргойбуз деп жатасыңар, силердин логикаңар каякта?”, – деди Масалиев.

Персоналдык маалыматтарды коргоо агенттиги президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен түзүлүп, Юстиция министрлигинен каттоого турган. Эми Жогорку Кеңеш анын ишмердүүлүгүн мыйзамдаштыруу, алардын иш аракеттерин талкуулап жатышат.

Агенттикке жетекчи да шайланган. Жетекчиси Нурия Кутуева.  Максаты жарандардын персоналдык маалыматтарын коргоо.

Аргумент.kg