Мас болуп уктап калган аял баласын суукка таштап койгон

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мас апасынын айынан 6 жашар тестиер суукка тоңуп кала жаздаган. Бул тууралуу Каракол ШИИББ билдирди.

Маалыматта, Каракол шаарынын жараны көп кабаттуу үйдүн алдында узак убакыт кичинекей бала турганын милицияга билдирген. Милиция кызматкери келип баладан үй дарегин сураганда ал сууктан тоңуп сүйлөөгө алы келбей калган.

“Катуу суукта бир орунда тура бергенден улам бала суукка кайыгып, сүйлөөгө алы келбей калган ”-дейт милиция кызматкери. Милиция тестиер баланы алып кетишип, жылытып курсагын тойгузушкан. Баланын айтуусунда апасы көптөн бери аракка берилип кеткен. Ошол күнү да апасы мас абалында келе жатып жолдо жаткан жеринен уктап калган. Бала апасынын жанында тура берип уүшүгөндө басып кеткен. Кайра кайрылып келгенде апасы ордунда жок болгон. Милиция кызматкери баланын документтерин топтоп убактылуу балдар үйүнө орноштурушту. Ал эми апасы болсо баласынын кайда экенин эстей албаганын билдирген.

Аргумент.kg